Ошентип кошуналар сумолок жана кудай кылдык.
10кг онгон буудайга 35кг ун чайылат.
7литр май
Сумолоктун жасалуу жолу:
______________________________
Буудайды таза тазалап 1кун сууга салып ,эртеси куленкага жайып 3маал сугарып 3..5кундо ондуруп алабыз.Ошол онгон буудайды алып мясорубка дан откоробуз.
_______________________________
Тартылган буудай 3жолу сууга салынат экен:
Тартылган буудайга суу куюп чобогосун алабыз. Чобогосун дагы сууга салып мыжыгып алып коебуз. Дагы сууга салып чобоголорун чыгарып салабыз.
Чобогосун малга беребиз.
Эми очокко казан асып отту жагып, майдан куюп 21,41 токоч бышырып.
Майды дем алдырып, Бир чака суу куябыз.
Биринчи суусун дагы казанга куябыз, Жана жуулган таштарды салабыз, ундан салып аралаштырабыз. Аралаштыра беребиз.
_____________________________
Массабыз коюланганда майдан четтерине куюп кууруйбуз анан 2чи суусун куябыз.
Аны да коп аралаштырганда массабыз коюланат Аны да майдан куюп кууруп алабыз. Анан 3 чу суусун куябыз Аны да аралаштыра беребиз кайнай берет) коюланганда 1чакадан суу куюлуп жатып 7жолу куйчу элек дейт тайэнем. Бирок биз 3 эле жолу суу куйдук акырында кооп суу куюп эле кооопко кайнады,аралаштырдык.
Масса коюланганда ,кызарганда дымдайбыз. Биз эрте менен 9да баштаганбыз эртеси 9да ачтык.
Нават.мейиз,конфет,Жангак, тоголок таштар иштетилет, табитке карап.
________________________________
✔️Ким тушунду😄😄 жасап жургон эле киши тушунбосо кыйынго дейм😄
✔️Ой кыйналып кеттим а 😄
🔥 Кол узбой кечке эле аралаштыра беребиз ,четтерин кырып тазалап турабыз.
🔥 Мисалы: 15кг. Онгон буудай,
45кг.ун
Суу кооп Кетти жасаган кишилер коз олчом кошушат. 🔥 12чака толодон чыкты .
🔥 Дагы Ким кандай жол менен жасайт, азыркы жаштар билип алалы, билгендериниздерден болушунуз.


Отправить комментарий